• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жолугат

16 Аяк оона 202513:45 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 18-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусу өтөт.

Жолугушууга Азербайжадын премьер-министри Али Асадов, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышат жана Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышат.

Жолугушуунун жүрүшүндө артыкчылыктуу багыттарда: экономика, соода, инвестиция, транспорт, санариптештирүү, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда кызматташуу, ошондой эле аны мындан ары бекемдөө үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгүнүн механизмдерин жакшыртуу маселелери талкууланат.

Количество просмотров: 97