• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Тоңдо куткаруучулар селге кабылган туристтерге жардам көрсөттү

2 Теке 2024 11:42 Бишкек Govori.TV

Тоңдо куткаруучулар селге кабылган россиялык туристтерге жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-июлда түнкү саат 23:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Тоң районундагы Мамбетов айыл аймагына караштуу Ак-Сай тилкесинде сел жүргөн.

Көлгө түшүп эс алып, жээкте чатыр менен түнөккө калышкан россиялык 11 турист селге кабылган. Сел алардын кийим-кечелерин, буюмдарын агызып кеткен.

Туристтерге ӨКМдин Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн куткаруучулардын ыкчам тобу жардам жардамга барып, аларды сел жүргөн аймактан аман-эсен алып келип,Бөкөнбаев айылындагы жатаканалардын бирине жайгаштырышкан. Эс алуучулардын арасында жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 64