• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

2 Теке 2024 12:59 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 2-июлдан 7-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз!

  • арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
  • турак үй жайгашкан жерде жаан суулары — агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
  • Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
  • сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
  • мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
Количество просмотров: 258