Кыргызстандын Соттор кеңеши 28-сентябрда Башкы прокуратуранын сунушун карады. Анда Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы Гүлзат Абдинасированы кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү өтүнүчү айтылган.
Соттор кеңешинин маалыматына караганда, Гүлзат Абдинасирова КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында, 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыпталууда.
Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын баяндамасын угуп, корутундусун талкуулап, Башкы прокуратуранын сунушун канааттандыруу жана жогоруда аталган судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Президентине судьяны ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизилди.
Гүлзат Абдинасирова бул кызматка 2023-жылы дайындалган. Ага чейин ал КР Жогорку сотунда консультант болуп иштеген.