• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Токаев өрт чыккан Костанай облусуна барды

5 Аяк оона 2022 15:01 Бишкек Govori.TV

Дүйшөмбү, 5-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Костанай облусуна иш сапар менен барды. Бул тууралуу казак президентинин маалымат кызматы билдирди.

2-сентябрда Костанай облусундагы Казанбасы айылынан 20 чакырым алыстыктагы токтойдон өрт чыгып, тездик менен жайылган. Жалын жакын арадагы калктуу конуштарды каптап, 1800 киши эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттү өчүрүүгө 36 градус ысык менен шамал кедергисин тийгизип жатканын айткан. 4-сентябрда аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланган.

«Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Аулиекөл районундагы өрттүн өчүрүлүшү менен таанышат»,- деп айтылат президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Токаевдин сапары өрткө чейин эле пландалган. Ал белгилүү казак агартуучусу, 1937-1938-жылдары сталиндик репрессия учурунда атылып кеткен Ахмет Байтурсындун 150 жылдыгына катышмак.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-сентябрда өрт 43 миң гектар жерди каптаганын кабарлаган.

Өрттөн он киши жабыркап, төртөө ооруканага жеткирилген. Жекшемби күнү эртең менен куткаруучулар Аманкарагай конушундагы өрт чалган турак жайлардын урандыларынын алдынан 86 жаштагы карыянын сөөгүн алып чыгышкан.

Количество просмотров: 77