• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Токаев «Сот системасы жана судьялардын макамы тууралуу» мыйзамга кол койду

28 Жалган куран 2023 15:33 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Сот системасы жана судьялардын макамы жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Буга чейин толуктоолорду киргизүүнү демилгелеген депутаттар мыйзам жер-жерлердеги соттордун «чыныгы көз карандысыздыгын» камсыз кылып, апелляциялык баскычтагы соттордун ыйгарым укуктарын кеңейте турганын билдиришкен. Документ кабыл алынгандан кийин апелляциялык инстанция кылмыш жана жарандык иштерди кайрадан биринчи баскычтагы сотко жөнөтпөстөн эле дароо кароо укугуна ээ болот. Бул соттук каталардын санын азайтып, соттук актылардын сапатын жогорулатат деп күтүлүүдө.

Өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку соттун судьялары парламент сенаты тарабынан тандалат. Ошол эле маалда талапкерлерди президент сунуштайт. Райондук соттордун төрагаларын соттук өзүн-өзү башкаруу органдары тандайт.

Мындан тышкары сотторго карата атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары эми башкы прокурордун уруксаты менен гана башталышы керек. Буга чейин коопсуздук органдары сотторго карата кылмыш иши жок эле атайын ыкчам-иликтөө иштерин баштоого укуктуу болчу.

Токаев сот системасына байланышкан мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы тууралуу 2022-жылдын башындагы Январь окуяларынан кийин билдирген. Ага чейин эл аралык уюмдар менен жергиликтүү активисттер сотторду президент дайындаган тажрыйба бийликтин аткаруу бутагынын үстөмдүгүнө алып келерин айтышкан.

Количество просмотров: 66