Токиодогу Олимпиада оюндарынын алкагында медалдардын саны боюнча Кытай, Япония жана АКШ алдыда келе жатат.
Биринчи орунда 5 алтын, 1 күмүш жана 3 коло (жалпы 9 медаль) жеңген Кытай. Андан кийинки орунда 5 алтын, 1 күмүш менен (жалпы 6 медаль) Япония турат. 2 алтын, 2 күмүш жана 4 коло байге (жалпы 8 медаль) уткан АКШ үчүнчү орунда.
Белгилей кетсек, Токио Олимпиадасы 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөт. Олимпиадага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда.