Токтогул ГЭСинде суучул (водолаз) болуп иштеп жаткан Корея Республикасынын жараны каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-сентябрь күнү саат 9:45 чамасында милицияга суучулдун каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты катталып, тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган.
«Текшерүү учурунда, Кореянын 58 жаштагы жараны 24-сентябрь күнү суу астында тазалоо иштерин жүргүзүп жатып, белгисиз себептер менен суудан чыга албай каза болгондугу аныкталган. Анын жансыз денеси ошол эле күнү табылып, саат 13:50 чамасында суудан чыгарылган. Ал 2020-жылдан бери Токтогул ГЭСинин тереӊдик дарбазасында жүрүп жаткан реконструкциясында суучулдар (водолаз) тобунун бригадири болуп эмгектенип келе жаткан»,-деп жазылат маалыматта.