• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү аз

2 Баш оона 2020 23:43 Бишкек Govori.TV

«Эсептөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Август айын күтөлү, августтун башы кандай башталат, ошого жараша тиешелүү мамлекеттик органдар иш жүргүзөт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышына байланыштуу электр кубаты жетишсиз болушу мүмкүндүгү боюнча суроого жооп берип жатып.

Мамлекет башчысы суунун тартыштыгы бардык эле региондо байкалып жатканын баса белгиледи.

«Былтыр тоолордо кар орто деңгээлде эле болду. Аба ырайына жараша Токтогулга келе турган суу 17 миллиарддын тегерегинде болот деген божомол болгон. Бирок, тилекке каршы, „Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет“ дегендей, жайында жамгыр жаап, тоолорго кээде кар жаап, күн салкын болуп, тоодогу мөңгүлөр эрибей Токтогулга дагы, биздин республикадагы эл аралык маанидеги Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарына дагы суу азыраак келип калды», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Былтыркыга караганда азыркы учурда  2 млрд 400 млн куб суу аз экенин баса белгиледи, ошол эле маалда суу июнь менен июль айларында кирерин билдирди.

«Элибиз жарыксыз, электр энергиясыз калбайт. Эгерде кыйынчылык болуп баратса, сырттан дагы электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот. Эгерде күн жылып, ысып кетсе, мөңгү-кар бар, суунун келиши көбөйүп, сырттан электр энергиясын сатып алганга зарылдык болбойт. Өзүбүздүн күчүбүз менен чыгабыз, буйруса», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 61