• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү айтылды

22 Теке 2022 10:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-июлда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 736 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 591 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 458 куб метрге жетүүдө.

Количество просмотров: 2459