Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, милиция кызматкерлери кылмыш ишине карата далил зат катары алынган баңгизатты уурдап алышканы аныкталды. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБнин айрым кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланып, кылмыш иши боюнча далил зат катары алынган жалпы салмагы 834 грамм баңгизаттан (каннабис чайыры) 174 граммды уурдап алышкан.
Бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси (Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.