• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

3 Баш оона 202419:08 Бишкек Govori.TV

«Кыргызгидромет» 3-августта күн ысыганына байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суу кириши мүмкүн экенин билдирди.

4-августта Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтөт. Батыштан жел согуп, айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38,

Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 31…36,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүндө 12…17, күндүз 26…31,

Нарын облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15°.

Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Түнкүсүн 22…24°, күндүз 36…38 градус болот.

Количество просмотров: 170