• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бир аптага карата аба ырайы: Жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт

17 Аяк оона 2018 17:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.09.2018.Govori.TV.
Кыргызгидромет өлкө аймагы боюнча бир жуманын аба ырайы божомолун жарыялады. Бул күндөрү айрым аймактарга жаан жаап, тоолуу жерлерге кар жаашы күтүлүүдө.
17-18-19-сентябрда Кыргызстанда жаан чачын күтүлбөйт. Чүйдө күндүзү 23…28, Талас облусунда 21…26 градус жылуу болот. Ысык-Көл менен Нарын аймактарында бул күндөрү абанын температурасы 20…25 градусту көрсөтмөкчү.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 26…31 градуска чейин ысыйт.
20-сентябрда күндүз кээ бир тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Чүй менен Таласта абанын температурасы 22…27 градус жылуу болуп, Нарында 21…26, Ысык-Көлдө 20…25 градусту түзөт. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 26…31 градуска ысыйт.
21-22-сентябрда айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүп, абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

 

Количество просмотров: 18