• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тоолуу Карабакта кайрадан атышуу орун алды

29 Кулжа 2023 9:08 Бишкек Govori.TV

Тоолуу Карабактын Армения колдогон бийлиги 28-июнда таңга жуук Азербайжандын куралдуу күчтөрү армяндардын позицияларын артиллериядан аткылаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, бул аткылоонун натыйжасында армян тараптан төрт аскер набыт болгон.

Бир күн мурун Азербайжандын Коргоо министрлиги Агдам аймагында жайгашкан азери позициялары аткылаганы жана бир азербайжан жоокери жарадар болгону тууралуу маалымат тараткан.

Окуя 27-июнда, Кошмо Штаттарда Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлеринин үч күндүк тынчтык сүйлөшүүлөрү башталган маалда болду.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Тараптардын талашы 1980-жылдардын аягында башталган. Негизинен этникалык армяндар жашаган Тоолуу Карабак автоном облусу Азербайжан ССРнин курамынан чыкканын жарыялап, 1991-жылдын сентябрында өзүн-өзү “Тоолуу Карабак Жумурияты” деп жарыялаган. Ортодо тутанган согуш 1988-1994-жылдары 30 миңдей адамдын өмүрүн кыйган.

2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, алты апталык урушта Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

22-майда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереван өзүн-өзү “Тоолуу Карабак Жумурияты” деп атаган аймакты Азербайжандын бир бөлүгү деп таанууга даяр экенин билдирди. Бирок бул үчүн Баку аймакта жашаган этникалык армяндардын коопсуздугун камсыздоого тийиш.

Количество просмотров: 114