1-декабрда Кара-Көл шаарынын 44 жаштагы тургуну Ч.Б. тойдо бийлеп жатып, өзүн жаман сезип каза болду. Бул тууралуу өздүк булакта билдиришти.
Маалыматка караганда, ал бийлеп бүткөндөн кийин өзүн жаман сезгенин айтып, кафеден сыртка чыккан.
Ал эми, Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун тез жардам бөлүмүнүн билдирүүсүнө караганда, саат 22:45те «Жибек-Жолу» кафесине чакыруу болгон. Алар барганда бейтапты ээс-учун жоготкон абалда ооруканага алып кетишкендигин билдиришкен. Ал жандандыруу бөлүмүнө алынып келинип, өзүнө келбей көз жумган.
Маалымат булагы: www.turmush.kg