• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Трамп Москва Украинадагы согушту токтотпосо санкция саларын эскертти

23 Үчтүн айы 202510:54 Бишкек Govori.TV

АКШ президенти Дональд Трамп эгер Москва Украинадагы согушту токтотууну макулдашпаса Орусия саткан бардык товарга салыкты көтөрүп, санкция саларын эскертти. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө жазды.

«Жакынкы аралыкта «макулдашууга» жетпесек, Орусия АКШга жана башка өлкөлөргө саткан товарга салыкты көбөйтүп, санкция салуудан башка аргам жок калат. Мен президент болсом бул согуш башталмак эмес, эми ага чекит коелу. Биз аны жеңил же татаал жол менен ишке ашырсак болот. Жеңил жол — ар дайым жакшы. «Макулдашууга жетчү» убакыт келди!» — деп жазды Трамп.

Ошону менен катар Кошмо Штаттардын президенти Орусияга залака келтирүү ниети жоктугун, Орусиянын президенти Владимир Путин менен ар дайым жакшы алакада болуп келгенин жана орус элин жакшы көрөрүн белгиледи.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 448