Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.
«Кечээ өз каалоом менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздым. 2 жылдан аз убакыт ичинде, Туризм департаментинин жамааты, бир катар мамлекеттик органдардын, өнөктөштөрдүн жана бизнес коомчулугунун жардамы менен көп иш жасады. Кетүүгө убакыт келип жетти. Мындан ары да жылыш керек»,-деп жазган ал.
Белгилей кетсек, Максат Дамир уулу аталган кызматка 2018-жылы дайындалган.