• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Туризмди колдоо фондунун мурдагы жетекчиси Калашникова камактан бошотулду

29 Теке 2023 23:35 Бишкек Govori.TV

Туризмди колдоо фондунун мурдагы жетекчиси Елена Калашникова камактан чыкты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирди .

Маалыматка караганда, Елена Калашникова 12 миллион сом зыяндын ордун толтурган.

«Айыпталуучулар К.Е.А. жана В.А.Иге карата мурда тандалган баш коргоо чарасы 22-августка чейин үй камагына деп өзгөртүлдү. Тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча айыпталуучу К.Е.А. 12 миллион сом, ал эми айыпталуучу В.А.Иден 1,5 миллион сом материалдык чыгым өндүрүлгөн. Буга байланыштуу тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылган», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, ал үстүбүздөгү жылдын 18- майында кармалган.

УКМК тараткан маалыматта фондго бюджеттен уставдык капиталына 1 миллиард сом бөлүнгөнү, бирок каражат максатсыз пайдаланылганы айтылат.

«Туристтер үчүн 21 эс алуу жайы (Rest Point) курулушу керек болчу, буга 105 миллион сом бөлүнүп, бир дагы эс алуу жайы ишке берилген эмес. Мындан тышкары, чет элдик компаниялар менен бир катар келишимдер түзүлүп, эскиздерди эле даярдоого 715 миң евро жумшалган. Буга катар фонд бизнес-планын көрсөтпөгөн компанияларга акча бөлгөн, буга 65 миллион сом корогон», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 84