• Жума 12 Баш оона 2022
  • Пятница 12 Август 2022

Бейшеналиевдин кеңешчиси үй камагына чыгарылды

4 августа 2022 в 22:54 Бишкек Govori.TV

Кызматынан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 4-августта «Фейсбук» баракчасына анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.

Жактоочунун айтымында, 4-августта Каракол шаардык сотунун токтому менен камактагы бөгөт чарасы өзгөртүлүп, ал 11-сентябрга чейин үй камагына чыгарылды.

Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде кармалганын 17-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы ырастаган жана ага карата тергөө жүрүп жатканын билдирген.

Количество просмотров: 220

Мектеп окуучуларына бирдиктүү форма керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда