• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Туу өзгөрсө паспорт, иш-кагаздарды алмаштыруу керекпи?

28 Жетинин айы 202312:12 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик туу өзгөрсө паспорт жана башка документтерди, автоунаалардын номурлары алмаштыруунун кажети жок. Бул тууралуу демилгечи депутат Улан Примов билдирди.

“Алар тиешелүү деңгээлде, мөөнөтү бүткөнчө толук кандуу иштей берет. Убагы келгенде гана алмаштырылат. Мисалы, жаңы купюра чыккан кезде эскилери жүгүртүүдөн алынбайт, акырындап өзү колдонуудан чыгып калат”, — деди Примов.

Белгилей кетсек, азыркы тапта Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

Количество просмотров: 801