• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

ЖК комитети Тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

28 Жетинин айы 2023 12:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети жактырып, ЖКнын жалпы кароосуна жиберди.

Жыйында мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Улан Примов баяндама жасады.

Примовдун айтымында, мыйзам долбоору тууну жакшыртууга багытталган.

«Мисалы, Америка Кошмо Штаттары символдорду 26 жолу, Испания — 8 жолу, Орусия — 1 жолу өзгөрткөн. Ошол эле учурда, желек пайда болгон бардык документтерге дароо өзгөртүү киргизүүнү талап кылбайбыз, муну акырындык менен, этап-этабы менен ишке ашырууга болот», — дейт ал.

Быйыл сентябрда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган долбоор коомдук талкууга коюлган. Мыйзам долбоорунда туудагы күн нурларынын формасын өзгөртүү демилгеленген.

Ошондой эле күн нурунун формасын өзгөртүүдө авторлор баштапкы этапта, математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп иштеп чыгышканы айтылган.

Тууну өзгөртүү сунушу коомчулукта бир катар ача кептерди, талкууларды жараткан.

Эгемен Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. 2004-жылдын 17-июлунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам кабыл алынган

Количество просмотров: 124