2024-жылдын тынчтык үчүн Нобел сыйлыгы Nihon Hidankyo аттуу япон кыймылына ыйгарылды. Бул тууралуу Би-би-си жазды.
Бул уюм Хиросима менен Нагасакиге ташталган атом бомбаларынын курмандыктары аркылуу дүйнө жүзүнө ядролук куралдын кандай коркунучтуу экендигин жеткирип келет.
Нобел сыйлыгын ыйгаруу комитетинин өкүлү — Nihon Hidankyo кыймылы ядролук куралы жок тынч дүйнө үчүн чаалыкпастан иштеп келе жатса, ал эми ядролук державалар өздөрүнүн бул курал боюнча кубаттуулугун арттырып гана келе жатышканын белгиледи.
Анан калса, быйыл ушул кезде дагы ядролук курал колдонуу коркунучу катуу болуп жаткандыгы да айтылды.
1901-жылдан бери Нобел сыйлыгы 104 жолу тапшырылды. Быйылкы жылы бул сыйлыкка 286 талапкер көрсөтүлгөн. Тынчтык боюнча Нобел сыйлыгына былтыр Наргиз Мохаммади аттуу ирандык активист аял Ирандагы аялдардын укугун басып келген режимге каршы күрөшүп келгени үчүн татыктуу болгон.
Бул сыйлыктын илимдин тармактары боюнча ээлери да аныкталып жатат.