• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ТИМ: Кыргыз Республикасы Иран менен Израилди Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербөөгө чакырат

26 Тогуздун айы 202421:34 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасы Иран менен Израилдин ортосундагы чатактын курчуп кетүү коркунучуна жана аймактагы стабилдүүлүккө доо кетирип, эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну андан ары күчөп кетишине тынчсыздануусун билдирет. Бул КР Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасы тараптарды мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга жана бүткүл Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштыруу коркунучуна жол бербөөгө чакырат.

Кыргыз Республикасы дүйнө коомчулугунун, биринчи кезекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин аймактагы согуштук аракеттерди тез арада жана толук токтотуу үчүн күч-аракеттерин бириктирүүнү жактайт.

Количество просмотров: 152