• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Тыныбекова баштаган балбан кыздар Кыргызстанга кайтып келди

25 Аяк оона 2023 9:10 Бишкек Govori.TV

Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында ийгилик жараткан кыргызстандык балбан кыздар Кыргызстанга кайтып келди.

Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан Спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Бактыяр Бокоев, Тайманбас ОРАБӨ мектебинин директору Асеин Төрөгелдиев, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатында 2 медаль (1 алтын, 1 күмүш) утту.

Курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков, улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев жана машыктыруучу Билимбек Капарбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Количество просмотров: 344