• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

U-23: Раззак Бейшекеев дүйнө чемпиону болду

23 Тогуздун айы 20249:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Албанияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды.

Спортчу 67 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, мелдештин бардык баскычтарында ишенимдүү күрөштү көрсөттү.

Финалдык беттеште ал грузин балбаны Диего Чхиквадзени 6:1 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

Белгилей кетсек, Раззак Бейшекеев кадеттер арасында 2021-жылдагы дүйнө чемпиону, Азия чемпионатынын жана 2023-жылкы Азия оюндарынын коло байгесинин ээси.

Количество просмотров: 140