• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Азия чемпионаты: Раззак Бейшекеев күмүш медаль утту

16 Чын куран 202420:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Спортчу 67 кг чейинки салмак ченинде мелдештерин 1/8 финалдык баскычынан баштап, катары менен 3-жолу жеңишке жетти. Монголия, Казакстан жана Түштүк Кореялык балбандарды утуп, финалга жолдомо алды.

Алтын үчүн беттешин ирандык Эсмаели Лейвеси аттуу спортчу менен өткөрүп, натыйжада 1:3 эсебинде жеңилип, 2-орунду камсыздай алды.

Количество просмотров: 105