• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

УКМК Камчы Көлбаевдин өлтүрүлгөнүн тастыктады

4 Тогуздун айы 2023 19:00 Бишкек Govori.TV

УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүү учурунда Камчы Көлбаев жок кылынды. Бул тууралуу УКМК тастыктады.

Маалыматта айтылгандай, Улуттук коопсуздук органдары уюшкан кылмыштуулукка каршы курешуу боюнча тынымсыз иштерди жургузуп, республиканын турмушунун ар турдуу чейрелеруне кылмышкерлердин таасирин жоюу боюнча чараларды керүп жатышат. Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактылары боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрүнө жана алардын жетекчилерине карата бир катар кылмыш иштери тергелүүдө.

«Ошондой эле К.Асанбекке каршы кылмыштуу топтун лидери, «Дөө» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздары боюнча да тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

4-октябрда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Асанбектин турган жери Ибраимова көчөсүндөгү «Блондер паб» ресторанында аныкталган. Ал УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбастан, ок атуучу куралдарды колдонуу менен куралдуу каршылык көрсөткөн. УКМКнын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна ок атуучу курал менен кол салган К.Асанбектин кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында УКМКнын спецназынын кызматкерлери жооп кайтарышкан.

Бул фактынын негизинде УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгү, 267-беренесинин 2-бөлүмү жана 37-беренесинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4,18-пункттары (уюшкан кылмыштуу топ түзүү, мыйзамсыз курал-жарак сатуу, адам өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголду, ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүудө, дарыгерлер К.Асанбектин октон алган жараатынан жеринде каза болгонун тастыкташты, УКМК кызматкерлери жана жарандар арасында жабыркагандар жок», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле УКМК бул фактыга тиешеси бар К.Асанбектин тобунун бардык өкүлдөрүнүн аракеттерине юридикалык баа берип, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат бериле турганы кошумчаланды.

Количество просмотров: 1308