• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

УКМК кыргызча сүйлөбөгөндөргө каршы чакырыкты териштирүүдө

20 Бирдин айы 2018 16:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.02.2018.Govori.TV
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) интернеттеги социалдык түйүндөрдө кыргыз тилине байланыштуу тарап жаткан чакырыкты иликтей баштады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
Бир нече күндөн бери социалдык түйүндөрдө “орусча сүйлөгөндөргө кыргызча жооп кайтаруу керек”, “сатуучу кыргызча сүйлөбөсө ал жерде соода кылуудан баш тартабыз” деген мазмундагы чакырык жазылган сүрөт тарап жатат.
Бүгүн айрым маалымат каражаттары бул чакырыкты төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр таратып жатканын жана маселени УКМК териштире баштаганын жазып чыгышты.

 

Количество просмотров: 41