Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
Атайын кызмат өлкө боюнча баңгизаттарды өндүрүүчүлөрдү, таратуучуларды жок кылуу боюнча активдүү иш алып барууда.
«Заманбап синтетикалык дары — бул ар бир адам үчүн эң коркунучтуу «капкан». Өзгөчө, 25 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар арасында тобокелдик көбүрөөк болуп саналат. Андыктан ата-энелерге балдарынын көзөмөлдөөгө, алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле синтетикалык баңги заттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат берип туруу сунушталат» , — деп жазылат маалыматта.
Атайын кызмат тургундарды баңгизаттарды жана психотроптук заттарды таратууга байланышкан бардык фактылар боюнча: 0312-66-04-75 ишеним номурлары аркылуу билдирүүгө чакырат.