Бүгүн Биринчи май райондук сотунда УКМКдагы коррупция иши боюнча айыпталуучалардын бөгөт чара каралууда.
Сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун, Балыкчы ички иштер бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Чыңгыз Төкөлдөшовдун, УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиевдин жана спорт коллежинин директору Айбек Ташматовдун бөгөт чарасы каралууда.
Алар коррупция боюнча шектелишүүдө.