• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Украина Марокко менен Грузиядагы элчилерин чакыртып алды

31 Жалган куран 2022 17:01 Бишкек Govori.TV

Украинанын президенти Владимир Зеленский өз жарлыгы менен Мароккодогу жана Грузиядагы украин элчилерин чакыртып алды. Анын айтымында, бул дипломаттар «кызматта калыш үчүн эле иштеп жаткан» жана өздөрү иштеп келген өлкөлөрдүн Украинага жардам беришин же орус бизнесине санкция киргизишин камсыз кыла алган жок.

«Курал-жарак болбосо, санкциялар болбосо, орус бизнесинин ишмердигине чектөөлөр болбосо, анда башка жумуш издегиле», — деди Зеленский өзүнүн соңку видео кайрылуусунда.

Ал расмий Киев жакын арада Түштүк Африкада, Жакынкы Чыгышта, Түштүк-Чыгыш Азияда жана Африка өлкөлөрүндө иштеген украин элчилеринен да конкреттүү жыйынтыктарды күтүп жатканын кошумчалады.

1-мартта Зеленский Грузиядагы украин элчисин артка чакыртканын жарыялап, буга грузин бийлигинин Украинага жардам көрсөтүүнү көздөгөн ыктыярчыларга тоскоолдук жаратканын жүйө келтирген. Андан көп өтпөй Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Киевден украин элчисин артка кайтарууну өтүнгөн. Жергиликтүү басылмалар украин элчиси Игорь Долгов Тбилисидеги ишин улантып келгенин жазышкан.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 566