• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Министрлик: Кыргызстандын аскерлери чет өлкөдөгү операцияларга катышкан жок

3 Жалган куран 2022 15:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын бардык аскер бөлүктөрү өлкөнүн аймагында, аларды мамлекеттик чек арадан тышкары кандайдыр бир аракеттерге тартуу планда жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, республиканын бардык аскердик бөлүктөрү өлкө аймагында. 

«КР Коргоо министрлиги Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн чет өлкөлөрдөгү кандайдыр бир аскердик операцияларга катышуусу боюнча ар кандай божомолдорду толугу менен жокко чыгарат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Кыргызстан Орусияга Украинадагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн аскердик жардам жана техника берүүгө макул экени тууралуу маалыматтар тараган.

Юрий Пойта аттуу фейсбук колдонуучусу Казакстандын УКМКсынын мурдагы төрагасына шилтеме берип, Тажикстан менен Кыргызстан Орусиянын басымы астында позициясын тапшырып, жашыруун деңгээлде ага аскердик жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирген пост жазды.

Количество просмотров: 127