• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Укук коргоочу Камил Рузиев акталды

10 Үчтүн айы 202315:08 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот укук коргоочу Камил Рузиевди актады. Бул тууралуу 10-январда мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Ысык-Көл облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2022-жылдын 11-октябрындагы өкүмү жокко чыгарылды.

Рузиев 2022-жылдын 12-августунда Каракол шаардык соту тарабынан кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу акталган. Бирок октябрь айында Ысык-Көл облустук соту актоо өкүмүн жокко чыгарып, Рузиевди «Документтерди жасалмалоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 80 миң сом айып салган.

Камил Рузиев 2020-жылдын 29-майында эки берене – «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» боюнча айыпталып, кармалган.

Количество просмотров: 79