• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Укук коргоочу Камил Рузиев үй камагына алынды

31 Бугу 2020 22:40 Бишкек Govori.TV

Укук коргоочу Камил Рузиев үй камагына алынды. Бул чечимди Ысык-Көл облусундагы Каракол шаардык сотунун судьясы Альгиз Шүкүралиев кабыл алды.

Рузиевдин бөгөт чарасы 31-майда каралып, ал 29-июлга чейин үй камагына алынды.

Укук коргоочу, «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 57 жаштагы Камилжан Рузиев кармалганын УКМК 30-майда кабарлап, сотко чейинки өндүрүш материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» беренелеринин негизинде катталганын маалымдаган. Сот «Алдамчылык» беренесин иштен алып салды. Укук коргоочу Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Рузиев буга чейин ички иштер органдарындагы абалды сындап келгени белгилүү. Өткөн айда ал Каракол шаардык санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлеринин Саламаттык сактоо министрлигине коронавируска каршы күрөш боюнча кайрылуусун «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жарыялаган.

Количество просмотров: 71