• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Улукбек Кочкоровдун жупуну сүрөтү талкууга түштү

8 Жетинин айы 2018 15:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.11.2018.Govori.TV

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун абалы начар үйдүн жанында түшкөн сүрөтү саясатчылардан башкача эл талкуусуна түштү. Сүрөттө министрдин жупуну кийинип,үйдөн чыгып бара жаткан элеси чагылдырылган.
Кадрда ал барган жер абалы оор, жакыр үй-бүлөлөр түтүн булатып жашаган жаңы конуш экени көрүнөт.
“Министр сайраңдап чет өлкөгө эмес, каякка барыш керек экенин көрсөтүптүр. Жанагы жумуштан кеткен үч «периште» бир жолу бут басып барышты бекен ушул тараптарга?”,-деп суроо салгандар дагы болууда.
Көпчүлүгү “Башы көл,аягы чөл болбосун”,-деген ойлорун билдирип жатышат. Себеби буга чейин министрлер башын баштап, аягына чыкпай ташап кеткен фактылар көп болгон.
   Эске сала кетсек, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп Улукбек Кочкоров ушул жылдын 25-октябрында шайланган.

 

Количество просмотров: 52