• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Улуттук банк 11,2 миллион долларды сатыкка чыгарды

24 Аяк оона 202012:45 Бишкек Govori.TV

23-сентябрда жалпысынан 11 миллион доллардан ашык каражат валюта рыногуна чыгарылды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы финансылык уюмунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул аракет улуттук валюта – сомду колдоо максатында ишке ашкан.

Белгилей кетсек, Улуттук банк ушуну менен сентябрда долларды сатуу боюнча экинчи ирет интервенция жүргүздү. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу жогорулап жатат.

Количество просмотров: 74