Кыргызстандын Улуттук банкы валюта базарынан 19,2 млн доллар сатып алды. Бул тууралуу башкы банктын сайтында жарыяланды.
Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери үчүнчү ирет тескери интервенция жасап, доллар сатып алууда.
27-мартта валюта базарынан 9 млн доллар сатып алса, 8-апрелде 17,1 млн доллар алган.