Улуттук банк 2024-жылы валюта рыногуна 26 жолу интервенция жасаган. Расмий жарыяланган маалыматка ылайык, жыл ичинде 675,6 млн доллар сатылып, 369,8 млн доллар сатып алынган. Ошентип, 13 ирет валюта сатып алса, кайра 13 ирет саткан.
Жылдын биринчи жарымында – марттан июль айына чейин негизинен долларды сатып алып турган. Августтан декабрга чейин Улуттук банк валюта сатып турган.
Улуттук банк өлкөдөгү валюта рыногун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенцияларды жасап турат.