Улуттук банк валюта рыногунда интервенция жасап, 23,4 млн доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалат.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул кадамга акыркы күндөрү доллардын курсу кескин көтөрүлүп кеткени себеп болгон. Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунда 17-ирет интервенция жасап жатат.
Белгилей кетсек акыркы жумаларда Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.