• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Улуттук банк 24,5 млн доллар сатып алды

29 Чын куран 20249:52 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук банкы 26-апрелде валюта рыногунан 24,5 млн доллар сатып алды.

Ошентип бул долларды сатып алуу боюнча бешинчи интервенция болду.

Улуттук банк жыл башынан бери буга дейре төрт интервенция жасап, 22-апрелде 25 млн 850 миң доллар, 16-апрелде — 19,2 млн доллар, 8-апрелде — 17,1 млн доллар, 27-мартта — 9 млн доллар сатып алган.

Акыркы жумаларда доллардын куну түшүп жатканы байкалууда. Бүгүн доллардын расмий курсу 1 долларга 88,8 сомду түздү.

Количество просмотров: 95