Кыргызстандын Улуттук банкы 11-июлда тескери интервенция жасап, валюта рыногунан 34 млн 300 миң АКШ долларын сатып алды. Бул тууралуу банкттын сайтында маалымдалды.
Ошентип, Улуттук банк бүтүмдүн датасы боюнча эсептешүүлөр менен 17,5 млн доллар жана бүтүмдүн датасынан башка дагы 16,8 млн доллар сатып алган.
Бул жыл башынан бери чет элдик валютаны сатып алуу боюнча 11-интервенция.