• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улуттук банк 40 млн 220 миң доллар сатты

14 Бирдин айы 202310:36 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн интервенция жасады.

Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалгандай, 13-февралда УБ валюта рыногуна 40 млн 220 миң доллар (бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен) саткан.

Муну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна үчүнчү ирет интервенция менен чыгып жатат.

Количество просмотров: 52