• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Улуттук банк 55 миллион 200 миң доллар сатты

17 Жетинин айы 2022 10:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук банкы 16-ноябрда доллардын курсун кармап туруу үчүн валюта рыногуна 55 миллион 200 миң доллар сатты. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн негизги банкынын сайтына жарыяланды.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 84 сом 42 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 84 сом 50 тыйындан сатып алынып, 85 сом 50 тыйындан сатылууда.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар быйыл 24-февралда Орусия Украинага согуш ачкандан кийин кымбаттай баштаган. Март айында бир доллар 106 сомго чейин жетип кайра арзандаган

Количество просмотров: 66