• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Улуттук банк 59,5 млн АКШ долларын сатты

7 Бештин айы 2022 11:33 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 6-декабрда КР Улуттук банкы валюта рыногуна 59,5 млн АКШ долларын сатты. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна жети жолу интервенция менен чыгып, акыркыны кошкондо жалпы 331,5 млн доллар сатты, анын ичинен 66 млн 650 миң доллары накталай, калган сумма накталай эмес сатылган. Буга чейинки интервенция 16-ноябрда болгон. Анда 55,2 млн доллар сатылган.

Ошондой эле Улуттук банк жыл башынан бери жалпы 190 млн 740 миң доллар сатып алган.

Кошумчалай кетсек, валюталык интервенция Улуттук банк тарабынан алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 65