• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Улуттук банк 6 млн доллар сатып алды

19 Бугу 2022 11:50 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук банкы 18-майда валюта рыногунан 6 миллион доллар сатып алды. Бул тууралуу аталган банктын расмий сайтында маалымдалат.

Белгилей кетсек, бул үстүбүздөгү жылдын эсеби боюнча үчүнчү интервенция, тактап айтканда, Улуттук банк жалпысынан 25 млн 900 миң доллар сатып алган.

19-майга карата чет элдик валютанын курсу банктарда 82,29 сомдон болсо, расмий курс 80,27 сом.

Количество просмотров: 68