• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Улуттук банк: 86 акча алмаштыруу жай текшерилди

8 Баш оона 2022 13:29 Бишкек Govori.TV

Улуттук банкы жыл башынан бери 116 коммерциялык банктын жана 86 акча алмаштыруу жайынын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

«Улуттук банк тарабынан банктардын, алмашуу бюролорунун кардарларды тейлөө жана валюта операцияларын жүргүзүү ишине көзөмөл күчөтүлгөн. 116 коммерциялык банкка жана 86 акча алмаштыруу бюросуна текшерүү жургүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча кардарларды банктык тейлөө, ошондой эле кардарлар алдында өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн ликвиддүүлүктү колдоо ишин күчөтүү зарылдыгы жөнүндө жана башка маселелерге тиешелүү жазма буйруктар жана эскертүүлөр берилген. 29 алмашуу бюросунун лицензиясынын иши токтотулган, ал эми үчөөсүнүн лицензиясы кайтарылып алынып, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жалпы 1 млн 180 миң сом суммасына айып салынды»,-деди ал.

Количество просмотров: 126