• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улуттук банк акча базарына 54 млн. 500 миң доллар сатты

9 Тогуздун айы 202411:25 Бишкек Govori.TV


Улуттук банк бүгүн, 9-октябрда валюта базарына 54 миллион 500 миң доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банк өз сайтына жарыялоо менен кабарлады.

Ошентип жыл башынан бери Улуттук банк 19 жолу интервенция жасап, анын көпчүлүгүндө долларды сатып алды.

Алсак, доллардын расмий курсу ушу тапта 85 сом 6 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 85 сом 10 тыйындан сатып алынып, 85 сом 60 тыйындан сатылууда.

Улуттук банк тарабынан жасалуучу интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.

Количество просмотров: 178