• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улуттук банк апта ичинде экинчи жолу интервенция жасады

16 Бирдин айы 202310:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук банкы 15-февралда кайрадан валюта рыногуна интервенция менен чыкты.

Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалгандай, бул ирет валюта рыногуна 35,6 миллион доллар (бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен) сатылган.

Белгилей кетсек, бул апта ичинде жасалган экинчи интервенция — Улуттук банк дүйшөмбү, 13-февралда валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн 40 млн 220 миң доллар саткан. Ал эми жыл башынан бери Улуттук банк төрт ирет валюта рыногуна интервенция жасаган.

Количество просмотров: 57