Улуттук банк Бишкекте акча алмаштырган эки жайдын лицензиясын алды
Улуттук банк Бишкекте акча алмаштырган эки жайдын лицензиясын алды
25 Бугу 2022 12:12 Бишкек Govori.TV
Улуттук банк Бишкекте акча алмаштырган эки жайдын лицензиясын кайтарып алды.
Ведомстводон билдиргендей, 2022-жылдын 25-майынан тартып КР мыйзамын жана Улуттук банкттын нормативдик-укуктук актыларынын талаптарын аткарбаган төмөнкү акча алмаштыруу жайлардын лицензиясы алынды:
2021-жылдын 6-майында «Паида KG» ЖЧКсына берилген №6121 лицензия, дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150, 6-кабинет;
2021-жылдын 13-январында «Три Севенс Плюс» ЖЧКсына берилген №6051 лицензия, дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси, 172 дарегинде.