• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улуттук банк быйылкы жылдын эсебинен бешинчи жолу интервенция жасады

14 Жалган куран 202310:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук банкы быйылкы жылдын эсебинен бешинчи жолу интервенция жасады. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, кечээ Улуттук банк 35 млн АКШ долларын саткан. Америкалык валютанын сатуу баасы 87,42 сомду түздү. Бардык сатуу операциялары бүтүм жасалган күндөн башка дата боюнча эсептешүүлөр менен жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Улуттук банк жыл башынан бери беш ирет интервенция жасап, 262 млн 170 миң доллар саткан.

Количество просмотров: 184